• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Гафур Рахимов AIBA президенттигинен кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти, өзбекстандык бизнесмен Гафур Рахимов кызматын тапшырды. 15-июлда уюмдун маалымат кызматы анын арызын жарыялады.

Арызда Рахимов “жалган айыптоолордун” кесепетинен ар түрдүү соттук жараяндарга катышууга аргасыз болгонун, өзүн актоо үчүн ушундай кадамга барууга мажбур экенин жазган.

Гафур Рахимов AIBA президенти болуп 2018-жылы 2-ноябрда шайланган.

Ал 2012-жылы кылмыш топтордун ана башчысы делинип, АКШнын санкциялык тизмесине киргизилген.

Быйыл март айында Рахимов уюмду жетектөөдөн четтегенин маалымдаган. Бирок AIBA уставы боюнча ал бир жыл ичинде кызмат ордуна кайтып келүүгө укуктуу богон. 27-июнда уюмдун Аткаруу комитети бул жобону жойгон. Натыйжада Гафур Рахимов президенттикке кайтып келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

24-26-июнда AIBA Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан Токиодо өтө турган Олимпиададан четтетилген.

Пикир

Оставить комментарий