• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Гагарин көчөсүндөгү жол кырсыгы: Кырсыктагандарга кементе төлөнүп берилет

Коом 0

Бишкек, 15.12.19. /Кабар/. Гагарин менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгында жабыркагандарга кементе төлөнүп берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, коомдук унаанын баардык жүргүнчүлөрү камсыздандырылган.

"Жыл сайын муниципалдык унаанын баарында камсыздандыруу жүргүзүлөт", - деп билдиришти мэриядан.

Учурда камсыздандыруу компаниясынын жана жабыркагандар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Документтер боюнча иш аяктагандан кийин камсыздандыруу компаниясы кементе төлөп берет.

Эскерте кетсек, 14-декабрь күнү кечинде Гагарин менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болуп, троллейбустун 6 жүргүнчүсү, автобустун 2 жүргүнчүсү жана жеңил унаанын 2 айдоочусу кырсыктаган.

Пикир

Оставить комментарий