• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Гайпкулов президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 08.02.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Гайпкулов Искандер Төрөбаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Буга чейин бул кызматты Иманалиев Данияр Шаршенбекович ээлеп келген. Ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ордунан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий