• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы жөнүндө

Президент 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек президент Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди, - деп кабарлайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга алгачкы мамлекеттик иш сапарынын негизги максаты — стратегиялык, бир туугандык мамилелерди чыңдоо жана маанилүү маселелер боюнча макулдашууларга жетишүү болгон. Бул максаттардын бардыгы ишке ашты. Москвада болгондой эле, мында да ар кандай деңгээлдеги жолугушуулар ачык, жемиштүү маанайда өттү», — деп баса белгиледи Галина Байтерек.

Жетишилген макулдашуулардын ичинен биринчи кезекте, Токтогул суу сактагычынын кризистик деңгээлге чыгышына жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздап, Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла турган Протоколго кол коюлгандыгын белгилей кетүү керек.

Россиялык өнөктөштөр менен сүйлөшүлгөндөй, мында да эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттамдарды, анын ичинде Бишкек-Нур-Султан үзгүлтүксүз авиакаттамдарын көбөйтүү, Кыргызстандын жарандарынын жана ишкерлеринин кызыкчылыктарын коргоо,

республиканын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ болгон дагы бир маселе — жүк ташуучу жана темир жол транспортторун каттоо жана өткөрүү тартиби жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жүк ташуучу унаалар жана темир жол транспортунун катташын жеңилдетүү үчүн эки тараптуу уруксат берүү жана көзөмөл системасын автоматташтыруу маселеси талкуулана баштады.

«Садыр Жапаров Нур-Султанга болгон мамлекеттик иш сапарында, россиялык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдө болгондой эле, билим берүү жана илим жаатында кызматташуу маселелерине чоң көңүл бурду.

Казакстан тарап 2022-2023-окуу жылынан тартып Казакстандын жогорку окуу жайларында кыргыз жарандары үчүн акысыз билим алуу квотасын 5 орундан 50 орунга чейин көбөйтүүгө даяр экендигин билдиришти. Биз дагы ушундай эле кадамга барууга даярбыз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2006-жылдын 4-июлунда Астана шаарында кол коюлган Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндөгү келишимдин алкагында жакын арада 5 орунга кабыл алуу жарыяланат», — деп белгиледи президенттин басма сөз катчысы.

Мындан сырткары, Казакстан Кыргызстанда Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачууга кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле, Кыргыз-казак илимий фондун түзүү боюнча талкуу башталып, оозеки келишим түзүлдү. Демилгени ишке ашыруу үчүн өкмөттөр аралык келишим даярдала турган болду.

«Казакстандын ири компанияларынын өкүлдөрү менен өтө маанилүү жана жемиштүү жолугушуу болду. Президент Садыр Жапаров казакстандык ишкерлерди кызыктырган бардык суроолорго жеке өзү да жооп берип, Кыргызстандагы инвестициялык жана биргелешкен бизнес долбоорлордун үзгүлтүксүз жана жагымдуу шарттарда иштешин камсыз кылган реформалар жана трансформациялар жөнүндө чечмелеп айтып берди.

Мамлекет башчысы ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүн коргоону күчөтүүгө, ишкердик субъектилеринин чарбалык ишине мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгарууга багытталган Жарлыктарынын бири тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, ал бажы жана салык чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган жаңы ыкмаларды белгиледи.

Мамлекеттик башкаруу тутумунан жана бюрократиялык жемкорлошкон системадан улам ишке киргизилбей келген же тоңдурулган көптөгөн долбоорлорго мүмкүнчүлүк жаралып отурат. Казакстандын ишкер чөйрөлөрү ачыктыгы менен кызматташууга даяр экендигин билдиришти», — деп белгиледи Галина Байтерек.

Дагы бир белгилей кетүүчү маанилүү жагдай, Кыргызстанда болуп жаткан конституциялык реформалар менен саясий кайра курумдардын Казакстан Республикасынын жетекчилиги тарабынан колдоого алынуусу жана алардын кырдаалдын эртерээк турукташып кетишине болгон тилектери болду.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров башында турган Кыргызстан бардык маселелерди чечүү жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу ниетин тастыктаганына канааттангандыгын билдирди. Ошондой эле ал Казакстан өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ар тараптуу тереңдетүү боюнча алган багытына бекем турат деп ишендирди. Ал кыргыз менен казактай жакын эл жок экендигин баса белгиледи.

«Албетте, Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов менен жолугушуудагы жагымдуу учурду белгилеп коюуга арзыйт. Президент Садыр Жапаров Алимжановго „Манас“ эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылыгын билдирип, аны „Достук“ ордени менен сыйлады», — дейт Галина Байтерек.

«Жалпысынан иш сапар абдан жемиштүү болду деп айтууга болот. Бардык маанилүү багыттар боюнча кызматташууга даяр экендиги жөнүндө кепилдиктер берилди. Эң башкысы, эки тараптуу кызматташуунун көйгөйлүү жана талаштуу болгон учурларын чечүүнү тездетүүчү конкреттүү келишимдерге жетишилди. Ошондой эле, Садыр Нургожоевич баса белгилегендей, бул сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн мамлекеттер аралык мамилелерин өнүгүүнүн жаңы сапаттуу баскычына көтөрөт, ал эми кыргыз-казак стратегиялык жана союздаштык алакалары мындан ары да тереңдеп, кеңейе берет», — деп жыйынтыктады президенттин басма сөз катчысы.

Пикир

Оставить комментарий