• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Галина Байтерек Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди

Президент 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Өзбекстанга болгон иш сапар, албетте, жемиштүү болду. Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуулары кыргыз-өзбек мамилелерин калыбына келтирип, кызматташуунун жаңы сапаттык деңгээлин түптөдү деп айтууга болот. Өзбек ММКлары бул сапарга, эки президенттин өз ара аракеттешүүсүнө жогору баа беришти.

Мамлекеттик сапардын алкагында бизнес-форум өткөрүлүп, анын катышуучулары экономиканын бардык артыкчылыктуу тармактарындагы өз ара пайдалуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты жана жалпы суммасы 127,6 миллион долларды түзгөн бир катар инвестициялык жана соода келишимдерге кол коюшту.

Өнөр жай кызматташтыгы жаатында эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралардын планы ("Жол картасы") түзүлүп, жалпы суммасы 550,4 миллион АКШ долларын түзгөн 60 долбоорду ишке ашыруу каралган.

Жакынкы мезгилде Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду түзүлүп, анын уставдык капиталы алгач 50 миллион долларды түзүп, андан кийин 200 миллион долларга чейин көбөйөт.

Фонддун алкагында кызматташуу төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен жана металлургиялык өнөр жай, транспорт, турак жай куруу, соода, бизнести өнүктүрүү, энергетикалык комплекс, туризм.

Сүйлөшүүлөрдүн ар бир мүнөтүндө аткаруучуларга конкреттүү көрсөтмөлөр берилип, көптөгөн маселелер жолугушуулар учурунда ишке киргизилди.

Жалпысынан 22 документке жана Президенттердин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюлду, алар дээрлик бардык тармактарды камтыйт - билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жаатында өз ара аракеттенүү, эки мамлекеттин тең керектөөчүлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу. Бул кандайдыр бир протоколго гана кол коюу эмес, мурдатан баштатылган конкреттүү пландар.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки тарап тең бул ишти жакынкы үч айдын ичинде бүтүрүү керек деген бүтүмгө келишти. Мамлекеттик чек араны юридикалык жактан каттоону аягына чыгаруу чек ара аймактарындагы туруктуулукту чыңдап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет.

Жакынкы аралыкта мамлекеттик чек арадагы жети өткөрүү пунктунун иши жанданаары белгилүү болду, өзбек тарап жүк ташуу маселесин чечүүгө, зарылчылыкка жараша документтерди сканерлөөгө ылайыктуу техника менен камсыз кылууга убада берди.

Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын ачууга даяр.

Өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана тирешүүнү жаратып келген Үңкүр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирди.

Мамлекеттик чек араларды делимитациялоого байланыштуу калган талаштуу маселелерди өзбекстандык кесиптештери менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн атайын комиссия чечет. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен олуттуу жана кеңири кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Коргоо министрлиги аркылуу Өзбекстан тарап Кыргызстанга бир тик учакты акысыз берет жана дагы бир тик учакты калыбына келтирүүгө даяр. Ошондой эле, жалпы аскердик багыттарда адистерди даярдоо, учкучтарды жана байланыш кызматкерлерин даярдоо маселеси иштелип жатат.

Саламаттыкты сактоо багытында Кыргызстанга 20 тез жардам унаасы тапшырылды, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө вакциналарды, дары-дармектерди жана башка медициналык жана фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү жана жеткирүү жаатында өз ара аракеттенүү жана кызматташууну кеңейтүү маселеси иштелип жатат .

Билим берүү жана илим жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Шавкат Мирзиёев биздин жарандарга Өзбекстандагы ЖОЖдордо билим алуу үчүн 100 гранттык орун бөлүнгөнүн маалымдады.

Төмөнкүлөр боюнча алдын-ала макулдашууга жетишилди.

- академиялык мобилдүүлүк алкагында эки өлкөнүн жогорку окуу жайларында сабактарды өткөрүү үчүн профессордук-окутуучулар жамаатын тартуу;

- эки өлкөнүн ЖОЖдорунда окуган Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын санын көбөйтүү;

- билим берүүнү санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу.

- эки өлкөнүн ЖОЖдорунда окуган Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын санынын өсүшү;

- билим берүүнү санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин багытында Кыргыз Республикасында “Камбар-Ата ГЭС-1” инвестициялык долбоорун биргелешип даярдоо жөнүндө макулдашууга жана электр энергиясын өз ара жеткирүү жөнүндө протоколго кол коюлду.

20 жылдан бери жылдырылбай келе жаткан "Кытай-Өзбекстан-Кыргыз темир жол" магистралын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Эки өлкөнүн президенттери мындан ары дагы маданият, спорт, туризм сыяктуу тармактарда кызматташтыкты кеңейтип, көркөм өнөр жана театр жамааттарынын ортосундагы достук алаканы чыңдай берүүгө макулдашышты.

Өз ара Маданият күндөрүн өткөрүүнү калыбына келтирүү боюнча келишимге жетишилди. Дагы бир жолу эске салчу жагдай, Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды», - деп маалымдады Галина Байтерек.

Пикир

Оставить комментарий