• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Гамбургер жешкен”. Жалал-Абадда кайрадан тамакка уулануу катталды

Аймак 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында бир жума ичинде тамакка уулануу боюнча экинчи учур катталды.

“Кабар” агенттигине облустук оорукананын директору Кумар Ботокараев билдиргендей, 13 адам ооруканага түшкөн.

“Алардын сегизи амбулатордук дарыланууга чыгарылса, бешөө ооруканада жатат. Бейтаптардын абалы орто оор деп бааланууда”, - деди ал.

Ботокараев белгилегендей, бейтаптар “Тадж Махал” тез татымынан гамбургер жешкен.

Эскерте кетсек, буга чейин “Ага-ини” тез татым жайынан 28 адам тамак-ашка ууланып, ооруканага жаткырылган. Дагы 12 адам амбулатордук дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий