• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи толук реконструкциядан өтөт – Жаманкулов

Коом 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Келерки жылы Б. Кыдыкеева атындагы жаштар театры жана Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинеде оңдоо иштери башталып, алар толук реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Ал белгилегендей, учурда Бишкекте Т. Абдымомунов атындагы кыргыз драма театры менен Ч. Айтматов атындагы орус драма театрында оңдоо иштери жүрүп жатканын жана алар 2020-жылы бүткөрүлөрүн айтып өттү. Ошондой эле учурда Баткен театрында оңдоо иштери жүрүп жатса, Кочкордогу Чолпон театрында оңдоо иштер аяктап калган.

"Быйыл С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры бүткөрүлдү. Ага 16 млн сом бөлүнгөн. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы менен А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында толук оңдоо иштери болду. Келерки жылы Б. Кыдыкеева атындагы жаштар театры жана Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинеде оңдоо иштери башталып, алар толук реконструкциядан өтөт", - деди ал.

Аны менен бирге ал, Б. Кыдыкеева атындагы жаштар театры текшерилип, ал оңдоого болбойт деген жыйынтык чыгарылса, жаңы театры куруларын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий