• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Гапар Айтиевдин мемориалдык тактасындагы кара боёк жууп-тазаланды – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Гапар Айтиевдин мемориалдык тактасындагы кара боёкту жууп-тазалашты.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Facebook колдонуучусу улуу сүрөтчү жашаган үйдүн сыртындагы Гапар Айтиевдин мемориалдык тактасын боёп кетишкендиги тууралуу билдирген.

«Аталган дарекке «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери дароо барып, эстеликти жууп-тазалашты», - деп айытлат маалыматта.

Бишкек мэриясы бардык көйгөйлөр боюнча мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кайрылууну эскертет. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 18 21 85 номерине жиберүүгө болот.

Эскерте кетсек, Гапар Айтиевич Айтиев (1912-1984) – кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Социалисттик эмгектин баатыры (1982). СССР эл сүрөтчүсү (1971). Тилекке каршы, барельеф жабыркаган үй Гапар Айтиевдин уулдарынын биринин жеке менчигинде. Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы үйдү коргоого ала албайт.

Пикир

Оставить комментарий