• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Гареев атындагы ботаникалык бакчада ишембилик өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 09.11.20. /Кабар/. Ишемби, 7-ноябрь күнү Э.З. Гареев атындагы ботаникалык бакчада ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган “Нобилис” коомдук фонду билдирди.

“Таза шаар” аталышындагы иш-чарага 100 жакын киши келип, аларга таштанды чогултуу үчүн кол кап, баштыктар берилген.

Иш-чаранын негизги максаты - коомчулукту көйгөйлүү маселелерге көңүлүн буруу, шаардын тазалыгы жана экологиялык маданиятты калыптандыруу болгон.

“Бул социалдык иш-чараны көп деген маселелерди көтөрөлү деп уюштурдук. Эн негизгиси – биздин жарандарыбыз менен уюшуп, табигый байлыгыбызды сактап калуу, патриотук сезимди ойготуу”, - дейт аталган коомдук фонддун башчысы Чолпон Жапаркулова.

Пикир

Оставить комментарий