• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Гарри менен Меган расмий түрдө падышалык ыйгарым укуктарын өткөрүп беришти

Дүйнө 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Британ ханхаадасы Гарри менен анын жубайы Меган Маркл 31-мартта расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп беришти.

Алар “Инстаграмдагы” Sussex Royal аккаунтундагы катталуучулары менен да кош айтышып, “Мындан ары бизди бул жерден көрбөйсүздөр”, деп жазышкан.

Ханыша менен түзүлгөн келишим боюнча Гарри менен Меган падышалык титулду колдонушпайт. Мындан тышкары Виндзор сепилине жакын жердеги коттежди капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жумшалган 2,4 миллион фунт стерлингди казынага кайтарып беришет.

Ханзаада Гарри менен Меган Маркл 2018-жылы үйлөнгөндөн кийин ээ болгон Сассекс герцог жана герцогинялары титулун сактап калышат. Учурда түгөйлөр уулу Арчи менен Лос-Анжелесте жашоодо.

Пикир

Оставить комментарий