• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Гаухар Мурзалиева "Футбол сулуусу – 2019" аталды

Спорт 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда "Футбол сулуусу – 2019" аныкталып, ал наам Гаухар Мурзалиевага ыйгарылды.

Сынак май айынын аяктарында башталган. Финалга чыгуу үчүн 11 талапкер ат салышкан. Жыйынтыгында үчөө - Нурайым Бейшеева, Гаухар Мурзалиева жана Мырзайым Кулжубаева финалга чыккан.

Шарт боюнча Кыргызстандын Футбол федерациясынын социалдык тармактагы баракчасына жазылган колдонуучулар, "Кыргызстан-Палестина" оюнунун алдында талапкер кыздар тарткан Федерациянын баракчасындагы видео чакырууну "Жакты" ("Нравится") деп белгилеши керек эле.

Жыйынтыгында Мурзалиеваны 5 миңден ашык колдонуучу колдогон.

Пикир

Оставить комментарий