• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Газ жабдыктарын оңдоо иштерине байланыштуу айрым көчөлөр жабылат (тизме)

Коом 0

Бишкек, 11.04.18. /Кабар/. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы Бишкек шаарынын Лермонтов көчөсүндөгү газ өткөргүчүндө пландалган ремонт иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу, 12-апрелден 31-майга чейин Лермонтов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Салиев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий