• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек мэриясы: Газдын чыгышына байланыштуу Орто-Сай отканасынын абоненттери үчүн ысык суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Орто-Сай айылындагы жер астындагы газ түтүгүнөн чыккан газды жоюуга байланыштуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

"Буга байланыштуу «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 25-апрелден 29-апрелге чейин аталган аймакка ысык суу берүүнү токтотууга, тактап айтканда, Орто-Сай отканасын өчүрүүгө аргасыз болууда", - деп айтылат маалыматта.

Жеринде «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын оңдоочу бригадасы жана керектүү техникасы иштеп жатат. Иш бүтөрү менен жылуулук энергиясын берүү кайра башталат.

Пикир

Оставить комментарий