• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Газпром” Бишкекте заманбап мектептин курулушуна 1,2 млрд рубль жумшайт

Президент 0

Бишкек, 29.08.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкектеги заманбап мектептин курулушуна “Газпром” 1 млрд 200 млн рубль салды. Бул тууралуу курулушка капсула салуу учурунда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

Ал бул өзгөчө мектеп болорун белгилеп өттү.

“Мектепти Бишкекке курууну мен сурандым, себеби бул жакта жетишсиз. Бизде жолдор маселеси болгон, эми жыл аягына чейин 100 көчө оңдолот. Башкы милдеттердин бири – мектептерди куруу. Албетте, ооруканаларды дагы ирээтке келтиребиз”, - деди ал.

Орто билим берүү мектеби Бишкек шаарынын “Асанбай” кичи районунда курулат.

4 кабаттуу мектеп 33 окуу бөлмөсүнөн турат. Жалпысынан мектепте 960 окуучу окуйт. Анын жалпы аянты 3,5 га. Анда 2 бассейни болот.

Долбоорду 2019-жылга бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий