• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Газпром” борборунда дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына даярдыктар аяктады

Спорт 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына даярдык иштери аяктады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең, 6-апрелде Азия жана Океания чемпионаты башталат.

“Бишкектеги “Газпром” борборунда чемпионатка даярдык көрүү иштери толук аяктады. Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча Эл аралык дзюдо федерациясынын талаптары аткарылып, мелдештерди түз алып көрсөтүү иштери жүргүзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 2021-жылдын 6-9-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий