• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Газпром" комплексинин базасында калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатында аянтча ачылат

Коом 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. "Газпром" ден-соолукту чыңдоо комплексинин базасында калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатында аянтча ачылат. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтуусунда, "Санарип Кыргызстан" санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруунун алкагында жаңы санариптик аянтча түзүп, өз ордун табуу пландалууда.

"Бул планды ишке ашыруу үчүн "Газпром" ден-соолукту чыңдоо комплексинин базасында регионалдык инновациялык борборлорду түзүү боюнча активдүү иштер жүрөт. Аталган базанын алкагында калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча атайын контент түзүлүп, edutainment негизинде санарип көндүм боюнча онлайн-портал ишке кирет", - деп билдирди Догоев.

Пикир

Оставить комментарий