• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Газпром Кыргызстан «Газ үчүн туумсуз төлө!» акциясын жарыялады

Коом 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Калктын төлөө тартибин жакшыртуу максатында “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы жаратылыш газы үчүн негизги карызды төлөөдө туумду жоюу боюнча «Газ үчүн туумсуз төлө!» акциясын жарыялады.

Акция 2017-жылдын 1-апрелинен 31-майына чейин өтүп, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын “Ошгаз” филиалынын көгүлтүр оттун абоненттеринин “калк” (физикалык жактар) категориясына карата аткарылат.

Акциянын алкагында 2017-жылдын 31-мартына карата 2014-жылдын 31-майына чейин колдонулган газ үчүн эсептелген туумдар негизги карызды толук төлөөдө жоюлат.

“Акцияга катышып, акча каражаттарын үнөмдөө менен карыздарыңарды жабууга шашылгыла. Кеңири маалымат +996(312) 68 07 07 телефону боюнча” , -деп билдиришет компаниядан.

Пикир

Оставить комментарий