• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөт: «Газпром Кыргызстан» компаниясы газга болгон мурдагы тарифти кайтарат

Өкмөт 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. «Газпром Кыргызстан» ЖЧК калкка жана коммерциялык түзүмдөр үчүн газга болгон мурдагы тарифти кайтарат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мындай макулдашууга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин жетишилген.

Белгилесек, компания тарабынан калк үчүн бир метр куб газдын баасы 15,3 сомдон 17,6 сомго чейин жогорулатылгандыгы кабарланган. Бизнес үчүн (өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар) бир метр куб газдын баасы 18,7 сомдон 21,3 сомго жогорулатылган.

Баалардын өзгөрүшү АКШ долларынын расмий курсу жогорулагандыгы менен байланыштырылган.

Болот Абилдаевдин айтымында, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча абалды эске алуу менен компания өз чечимин кайрадан карап чыгып, калкка жана коммерциялык түзүмдөр үчүн газга болгон мурдагы тарифти ордуна кайтарат.

Өкмөт башчы «Газпром Кыргызстан» компаниясына социалдык жоопкерчиликти көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий