• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Газпром Кыргызстан” компаниясы Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги тууралуу билдирди

Коом 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. “Газпром Кыргызстан” компаниясы Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги тууралуу билдирди.

Белгилүү болгондой, 1-майдан баштап Горький көчөсү 22 жана Ахунбаев көчөчөсү 186/1 дарегиндеги Калкты тейлөө борборлору (КТБ) жылытуу сезону аяктаганына байланыштуу ишемби жана жекшемби күндөрү ишин токтотот.

Өлкөнүн башка региондорундагы баардык КТБлар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 8:00дөн 17:00гө чейин иштешет. Түшкү тыныгуу – 12:00дөн 13:00гө чейин.

Калкты тейлөө борборлорунда жаратылыш газы үчүн төлөмдү жүргүзүү, алдын ала төлөм карталарын толуктоо мүмкүн, ошондой эле газ эсептегичтин көрсөткүчүн берип, газдаштыруу боюнча билдирме калтырып, кызыктырган баардык суроолорго жооп алууга болот.

Газпром Кыргызстан” компаниясынын КТБнын даректери

Бишкекгаз филиалы:

  • Бишкек ш., Горький көч., 22
  • Бишкек ш., Ахунбаев көч., 186/1
  • Бишкек ш., Фучик көч., 19

Чүйгаз филиалы:

  • Сокулук ш., Октябрьский көч., 41
  • Кант ш., Маликов көч., 6
  • Ленинское а., Алма-Ата көч., 248
  • Кара-Балта ш., Садовая көч., 112
  • Токмок ш., Горький көч., 1 өтмөк, 17
  • Талас обл., Кара-Буура р-ну, Аманбаево а., Т. Бабанов көч., 30

Ошгаз филиалы:

  • Ош ш., Ленин көч., 146
  • Кара-Суу ш., Ленин көч., н/ж
  • Кадамжай ш., Металлургов көч., 8/2а
  • Кызыл-Кия ш., Кыргыз көч., 273
  • Айдаркен ш., Миклухо-Маклая көч., 14/34

Жалалабатгаз филиалы:

  • Жалал-Абад ш., Ленин көч., 2
  • Майлуу-Суу ш., Коммунистическая көч., н/ж.

Күнү-түнү жана үйдөн эч жакка чыкпастан газ эсептегичтин көрсөткүчүн жөнөтүүнү, газга болгон төлөмдү жүргүзүүнү жана газдаштырууга билдирме калтырууну «Газпром Кыргызстан» компаниясынын онлайн-кызматтары аркылуу аткарса болот:

Көрсөткүчтү ар бир айдын 15нен 30на чейин төмөнкү кызматтар аркылуу жиберүү ыңгайлуу:

  • 0701 68 07 07 WhatsApp номуру аркылуу;
  • @gazpromkg_bot Telegram чат-бот аркылуу;
  • 4444 телефон номуру аркылуу. Мобилдик телефондон чалуу акысыз;
  • 4444 номерине СМС жөнөтүү аркылуу. Баасы — 1 сом;
  • Balance.kg, «Элсом 2.0» капчыктары жана MegaPay тиркемеси аркылуу.

Ар бир ыкма үчүн толугураак нускамасы менен төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыз: https://gazprom.kg/#/info/conacts.

Пикир

Оставить комментарий