• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Газпром Кыргызстан» компаниясы «Туумсуз карызды төлө!» акциясын өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын август айынан 31-октябрына чейин «Газпром Кыргызстан» компаниясы «Туумсуз карызды төлө!» уникалдуу акциясын өткөрүп жатат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акциянын алкагында жаратылыш газына болгон карызды толук түрдө төлөгөндө туум кыскартылат.

«Карыздын толук суммасын төлөңүз – кошулган туум толугу менен кыскартылат», - деп айтылат билдирүүдө.

Карыз бар экенин жана анын суммасы канча экендигин кантип билсе болот?

Карыздын суммасын төмөнкү жол менен билсе болот:

  • «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Колл-борборуна чалуу — 4444. Мобилдик чалуу — акысыз;
  • Акыркы газдын эсеп-дүмүрчөгүн кароо.

Карызды «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Калкты тейлөө борборлорунан, GAZPROM.KG мобилдик тиркемеси аркылуу, каалаган төлөө терминалдарынан же төлөм системаларынан төлөсө болот.

Маанилүү!

Карызды төлөөдө төлөм терминалынын же төлөм системасынын комиссиясын эске алыңыздар.

Карызды төлөбөгөн учурда эмне болот:

Эгерде негизги карызды төлөбөгөн учурда батирлерде жаратылыш газын берүү токтотулса, жер үйлөр көчө аркылуу өткөн газ өткөргүчтөрдөн өчүрүлөт. Газ өткөргүчтөрдү өчүрүүгө жол бербөө эки эсе пайдалуу болуп саналат: эгерде ал өчүрүлгөн учурда, аны кайрадан кошуу чыгымы орточо эсеп менен 3 миң сомду түзөт жана негизги карызды төлөгөндөн кийин гана уруксат берилет.

«Газпром Кыргызстан» бардык абоненттерди 2021-жылдын 31-октябрына чейин акцияга активдүү катышууга, негизги карызды төлөөгө жана туумдан кутулууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий