• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Газпром Кыргызстан» компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

Жеңишке 75 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Өлкөнүн эң негизги майрамдарынын бири болгон – Улуу Жеңиш майрамынын алдында «Газпром Кыргызстан» компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун баардык катышуучуларын куттуктап, белектерин тапшырды.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, даректүү жардам Кыргыз Республикасынын жети облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана майыптарына, Ленинград блокадасынын катышуучуларына жана концлагердин жашы жете элек туткундарына берилди.

9-майга карата ардагерлерди куттуктоо компания тарабынан демилгеленген эң чоң кайрымдуулук иш-чараларынын бири болуп саналат. Жыл сайын 5 жыл аралыгында компания согуштун катышуучуларына өзгөчө көңүл буруп, Жеңиш күнү менен куттуктап, алардын саламаттыгына кам көрүп келет.

«Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына терең ыраазычылыгыбызды билдиргенге мүмкүнчүлүгүбүз бар экенине кубанычтабыз. 1945-жылдын жаз мезгили – биринчи Жеңиш парадынын өткөнүнө 75 жыл толду. Ошол мезгилден тартып бир нече муун чоңойду. Азыркы учурда жалпы баарыбыздын максатыбыз – бизге тынчтыкты, эркиндикти жана көз карандысыздыкты камсыз кылууда өзүнүн биримдүүлүгү, өз жанын аябаган жана мекенине болгон сүйүүсү күчтүү совет элинин улуу эрдиги тууралуу мурасты сактап калуу», - деп билдиришти компаниядан.

Пикир

Оставить комментарий