• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Газпром Кыргызстан» кубаттуу жана коопсуз газ объекттисин ишке берди

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын башында «Газпром Кыргызстан» компаниясы Кант шаарында жаңы газ бөлүштүрүүчү станциясынын (ГБС) курулуш иштерин баштап, жарым жылдан кийин кубаттуу, коопсуз жана толук автоматташтырылган жаңы объектти ишке киргизди. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Эмне үчүн жаңы ГБСти куруу зарыл эле. 2021-жылдын июнь айына чейин Кант шаарынын тургундарын жаратылыш газы менен мындан жарым кылым мурун курулган газ бөлүштүрүүчү станциясы жана газ өткөргүчү камсыздап келген. 50 жыл аралыгында жабдуулардын эскилиги жетип, газды жеткирүү коопсуз болуп калган. Станциядагы жабдуулардын иштен чыгуу коркунучу бар эле, ал эми газ өткөргүчтөрдөн жаратылыш газы сызылып чыга баштаган.

Кант шаарынын газ колдонуучуларына коопсуз, үзгүлтүксүз жана жетиштүү көлөмдө газ жеткирүү максатында «Газпром Кыргызстан» компаниясы тарабынан жаңы, заманбап станция курулуп, «Бишкек — Кант — Токмок» буруп кетме газ өткөргүчүнө кошулду.

Тургундар жана өндүрүш үчүн жаңы ГБСтин артыкчылыктары:

  • Кубаттуулугу боюнча эки эсе запаска ээ. Эгерде Кант шаарындагы газды колдонуу көлөмү эки эсеге өссө, анда жашоочулар газ менен жетиштүү көлөмдө колдоно алышат.
  • Газдалгандыкты, газдын кирүү жана чыгуу басымын күнү-түнү көзөмөлдөп туруучу автоматика тутуму. Эгерде газдын сызылып чыгуусу байкалса, анда тутум тез аранын ичинде эч кандай катасы жок чара көрөт.
  • ГБС 2019-жылы бекем көмүртектүү түтүктөрдөн курулган жаңы «Бишкек — Кант — Токмок» буруп кетме газ өткөргүчү аркылуу иштейт. Аталган түтүктөр дат басууга жакшы туруштук берет – бул авариялык коркунучтарды азайтат.
  • Кант ГБСде эки көз карандысыз чыгыш бар: өндүрүштүк объекттер жана калк үчүн багытталган. Эгерде объекттерге басымды өзгөртүү керек болсо, ал маселе калкка тиешесин тизгизбейт.

Кант шаарындагы ГБС – бул Кыргызстандагы башынан аягына чейин курулган автоматтык газ бөлүштүрүүчү станциялардын төртүнчүсү, ал эми калгандары «Сокулук», «Токмок» жана «Бишкек-2». Калган станцияларда дагы кубаттуулук запастары эске алынып, заманбап автоматика тутумдары жана жаңы бекем жабдуулары менен камтылган.

«Кант ГБСнин кубаттуулук запасы – саатына 25 000 куб метрди түзөт. Бул мурмунку жылытуу сезонундагы эң жогорку колдонуу чегинен 2,5 эсе көп. ГБСте технологиялык процесстерди жаңыртуу, ишенимдүү жогорку технологиялык жабдууларды орнотуу үчүн биз баарын жасадык. Кант шаарынын тургундары кабатырланбай деле койсо болот, анткени, жакынкы 40-50 жылда шаарды газ менен камсыздаган станция авариялык иштеп бермекчи», - деди «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов.

Пикир

Оставить комментарий