• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Газпром Кыргызстан» мектебине мүмкүнчүлүгү чектелген 3 балага орун берилди

Билим 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. “Газпром Кыргызстан” мектебине акысыз окууга балдарды тандоо жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн калаа мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгында “Газпром Кыргызстан” мектебине балдарды кабыл алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезексиз жыйыны болду.

Экинчи чейректин жыйынтыгы менен 6 окуучунун башка мектепке которулуусуна байланыштуу: 1-класстан – 1, 4-класстан – 1, 5-класстан – 1, 6-класстан – 1, 10-класстан – 2 окуучу кеткен.

Ушуга байланыштуу “Газпром Кыргызстан” мектеби 5,6 жана 9-класстарга 1 ден орун берген.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин 7 арызы каралды.

Чечимди кабыл алууда баланын диагнозу, үй-бүлөнүн социалдык абалы, окуучунун мурда окуган мектебинен мүнөздөмө жана жетишкендиктери эске алынат, анан албетте баланын өзүнүн каалоосу”,-деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, үчүнчү чейректин башталышына карата “Газпром Кыргызстан” мектебинде мүмкүнчүлүгү чектелген 133 окуучу билим алат.

Пикир

Оставить комментарий