• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

«Газпром Кыргызстан» Сары-Могол айылынын дарыгерлерин коргоочу каражат жана меджабдуулар менен камсыздады

Аймак 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы Сары-Могол айылынын дарыгерлерин коргоочу каражаттар жана медициналык жабдуулар менен камсыздады. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын июль айында бийик тоолуу аймакта жайгашкан Сары-Могол айылдык ооруканасынын медайымы өзүнүн айылдаштарына кайрылуу жолдоп, медициналык бет каптар, жеке коргоочу каражаттар, дары-дармектер жана медициналык жабдуулар жетишпей жатканын, медициналык кызматкерлер коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу чоң экенин жана бейтаптарга толук кандуу жардам бере алышпай тургандыгын билдирген.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы аталган кайрылууну кабыл алып, айылдык ооруканага дары-дармек жана жабдуулар менен жардам берди. Мындан ары Сары-Могол айылынын тургундарына медициналык жардам үчүн кошуна айылга барууга муктаждык жоюлса, медициналык кызматкерлерге оору жуктуруп алуу коркунучу жоголду. Мындан ары дарыгерлер айылдаштарын пульсоксиметр, тепловизор, дары-дармек, кардиомонитор жана кычкылтек концентраторунун жардамы менен толук дарылай алышат.

«Медайымдын кайрылуусун көргөндөн кийин, компания дароо жардам берүү чечимин кабыл алды. Медициналык кызматкерлер жеке коргоочу каражаттар менен бир гана борбор калаада эмес, Кыргызстандын алыскы айылдарында дагы камсыз болуусу керек. Сары-Могол айылынын тургундары мындан ары медициналык жардамды өз убагында жана толук ала алышат, ал эми медкызматкерлер өз жумуш ордуларында тобокелсиз жумуш алып барат деген үмүттөбүз», - деп билдиришти «Газпром Кыргызстан» компаниясынын өкүлдөрү.

Маалымат

Сары-Могол айылы Ош облусунун Алай районунда деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. 1100дөн ашык турак-жайы бар бул айылда 6000 миңдей калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий