• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

«Газпром» Түркмөнстан менен газ сатып алуу келишимине кол койду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Орусиянын «Газпром» мамлекеттик компаниясы Түркмөнстандан газ сатып алуу тууралуу «Түркмөнгаз» менен 2024-жылга чейин келишим түзгөнүн билдирди.

Орусиялык компаниянын маалыматына караганда, «Газпром» Түркмөнстандан жылына 5,5 миллиард куб метр газ сатып алып турат.

Буга чейин эки мамлекеттик компания июндун аягына чейин 1,2 миллиард куб метр газ импорттоо тууралуу эки жарым айлык убактылуу келишим түзүшкөн.

2015-жылы «Газпром» түркмөн газынын импортун 10 миллиард куб метрден төрт миллиард кубга чейин азайтуу ниетин билдирген. 2016-жылдын башында баа боюнча келишпестиктерден улам орус компаниясы түркмөн газын сатып алууну токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий