• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Газтүтүгүн оңдоого байланыштуу Фере көчөсү автотранспорт кыймылы үчүн жабылат – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 14 -февраль /Кабар/. Газтүтүгүн оңдоого байланыштуу Фере көчөсү автотранспорт кыймылы үчүн жабылат деп билдирди Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан.

“Кыргызстан газпрому” компаниясынын “Бишкекгаз” филиалынын маалыматына караганда, 14-февралдан тартып Фере көчөсүндөгү автожол кыймылы Элебесов көчөсүнөн тартып чыгышка карай токтотулат.

“Автотранспорттордун кыймылы орто басымдагы газтүтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат. Оңдоо иштери 2017-жылдын март айынын орто ченине чейин созулат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы шаардыктардан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана жол тыгынына кабылбоо үчүн күн мурунтан алтернативдүү багытты тандап алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий