• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Гель-лактын курмандыгы болгон тырмактар

Дүр дүйнө 0

Учурда көпчүлүк айымдар негизинде гель бар лак менен маникюр жасап жүргөндү жактырышат. Маникюрдун мындай түрү көптөгөн себептерден улам белгилүү болуп кетти:

- Узак убакытка сакталуусу: маникюр үч жумага чейин жаңы көрүнүп турат;

- Жасалгасы: гель-лактын жардамы менен көз жоосун алган жасалгаларды жасоого болот;

- Тез кургайт: тырмакты көпкө кургатуунун кажети жок.

Бирок, айымдар мындай маникюрду канчалык көп жасашса, алар гель-лакты алган соң тырмактын абалына ошончолук көп көңүл буруулары керек. Тырмактар начарлап, сынып, кабатталып баштайт. Көрүнүшү начарлайт.

Гель-лак ультрафиолет нурлардын таасири алдында эле кургайт. Кургаганда лак тырмактын үстүңкү бетине катуу жабышып калат. Маникюрду ар бир алган сайын тырмактын үстүңкү бөлүгү кошо кетет. Ошентип, бир нече жолу маникюрду алгандан кийин тырмактардын абалы өтө начарлайт.

Эми сөз гель-лак менен жасалган маникюр канчалык коопсуз экени тууралуу болсун.

Бул тууралуу талаштар көп. Бирок кесипкөйлөрдүн пикири бир жерден чыккан учур – эки жолку гель-лак маникюрдан кийин үч айдан кем эмес тыныгуу жасоо керек.

Анын кесепети тырмактын калыңдыгынын жана түзүмүнүн өзгөрүшү менен токтоп калбайт. Пайдасы жана зыяны тууралуу ойлонуунун башка да маанилүү себептери бар. Маникюрду кургатууда колдонулган ультрафиолет колдун терисине терс таасир берет. Ошондуктан коргоочу кол каптарды кийүү абзел. Айрыкча колдо мең, кал болсо. Ультрафиолет күйгүзүп салууга жөндөмдүү, ал гана эмес теринин онкологиялык ооруларына алып келиши ыктымал.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий