• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Гендердик-сезимтал педагогика боюнча мугалимдерге тренинг болуп өттү

Билим 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФтин “Кыздар илимде” долбоорунун алкагында мультимедиалык сабактарга тартылган биология, география, математика, физика жана химия мугалимдерине тренинг өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мугалимдер STEM предметтерин өтүүдө гендердик-сезимтал педагогика жана критикалык ой жүгүртүү элементтерин колдонуу негиздерин үйрөнүштү.

ЮНИСЕФ өкүлдөрү жана Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучулары сабакты интерактивдүү өтүү ыкмаларын көрсөтүп, STEM предметтерин окутуу учурунда балдар арасында гендердик стереотиптердин пайда болушунан кантип сактануу, кантип сактануу керектигин, окуучулардын окууга жана илимге болгон кызыгуусун колдоо жолдорун түшүндүрдү.

ЮНИСЕФтин генгердик адиси Нора Суюналиева белгилегендей, балдардын арасында "илимде бир гана эркектер ийгиликке жетишет" деген ойдун калыптанышынан качуу керек.

Борбор Азиядагы Америка университетинин академиялык маселелер боюнча директору Жылдыз Нишарапованын айтымында, билим берүү процессине критикалык ой жүгүртүүнү киргизүү - учурдун талабы.

“Эгер мурда окуу жайлардын милдети конкреттүү багыттагы адистерди даярдоо болсо, азыр эми “жумшак көндүмдөргө” басым жасалууда. Технология биздин жашообузду, андагы кесиптерди ушунчалык тез өзгөртүп жатат. 21-кылымда билим берүү уюмдарынын башкы милдети – критикалык жана креативдүү ой жүгүрткөн, чоң көлөмдөгү маалыматка бат ыңгайлаша алган жана өзүнүн көндүмдөрүн, билимин дайыма өнүктүрүп турган ийкемдүү адистерди даярдоо болушу керек”, - дейт Жылдыз Нишарапова.

Пикир

Оставить комментарий