• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Генерал Б.Табалдиев: Сооронбай Жээнбековго гана добуш беребиз!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. “Биз бүгүн чоң саясий сыноонун алдында турабыз”, - деп билдирди Талас облусунун Бакай-Ата районунун ардактуу атуулу генерал Бусурманкул Табалдиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун бакай-аталыктар менен болгон жолугушуусу учурунда.

Анын сөзүнө караганда, алдыда боло турган президенттик шайлоодо өлкөнүн тагдыры чечилет, ошондуктан мамлекеттин келечегине таасир эте турган мындай тандоодо жаңылбашыбыз керек. «Муну басып өткөн тарыхыбыз өзү тастыктап турат. МисалгаТурдакун Усубалиевди, Апсамат Масалиевди алалы. Бул жетекчилердин тушунда Кыргызстан мал чарбачылыгы менен дыйканчылыгы абдан өнүккөн республикалардын катарында болчу. Бакай-Ата району өз убагында суткасына 100 тоннага чейин сүт өндүргөнгө жетишкен. Тилекке каршы, кийинчерээк өлкөнү же өндүрүштөн, же мал чарбачылыгынан, же айыл чарбасынан таптакыр кабары жок адамдар башкарып калды. Алар өлкөнү жакырдантып, талап-тоноонун үстүндө гана болушту. Биз акыйкат эмне экендигин, биримдик эмне экендигин, ынтымак эмне экендигин унута баштадык”, - деп белгиледи генерал.

Ал Алмазбек Атамбаев менен бирге иштешкендигин, азыркы президентке буга чейинки президенттер Акаев менен Бакиев бүлдүрүп кеткен нерселерди оңдоп-түзөөгө жан үрөп иштөөгө туура келгендигин белгиледи. «Эми өзүңөр деле көрүп турасыңар, биз өнүгүү жолуна түштүк. Чет өлкөлөр менен мамилебиз жакшырды. Премьер-министр кезинде Сооронбай Жээнбеков 1,5 жыл ичинде Алмазбек Атамбаевдин ийгиликтери менен жетишкендиктерин бекемдеп, андан ары да өнүктүрө алды. Кылым карыткан кыргыз көчүн Сооронбай Жээнбеков гана татыктуу уланта алат. Жээнбеков гана бизди бийик максаттарга жетелей алат. Эгер биз элибиздин, мамлекетибиздин, өлкөбүздүн келечегине кайдыгер эмес болсок, Сооронбай Жээнбековду президент кылып шайлап алышыбыз керек”, - деп кайрылды бакайаталыктарга Бусурманкул Табалдиев.

Талапкер менен болгон жолугушууга 4 миңден ашуун шайлоочу катышты. Алар Сооронбай Жээнбековду өлкөнүн кызыкчылыгына күйгөн, элдин ишенимине татыктуу адам катары көпкө чейин кетирбей, кол чабуу менен узатышты.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 22.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий