• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Генерал И.Исаков: Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын туруктуулугуна эбегейсиз салым кошкон

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Мурдагы коргоо министри жана экс-депутат, генерал Исмаил Исаков Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош облусунунАлайрайонунун эли мене жолугушуусуна катышты.

Исмаил Исаковдун айтымында, Сооронбай Жээнбеков ар бир тепкичти маңдай тери, өзүнүн эмгеги, акылы менен басып өттү. «Бир да талапкер Сооронбай Жээнбековдой эмгек жана турмуштук тажрыйбага ээ эмес, алар али бу лжолдорду басып өтүшө элек. Демек алар дыйкандын, мугалимдин, врачтын, тоонун, айыл элинин тагдырын билбейт. Мына ушундай адам гана мамлекетти башкарганга көзү жетип, эч ката кетирбей, ар бир адам менен тил табышып, ар бир кесипти сыйлап, аксакалдарды, жаштарды, келечектеги муундарды сыйлап, мамлекет башына келсе – ошондо гана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк пайда болот», - деди Исмаил Исаков.

Ал белгилегендей, Сооронбай Жээнбеков 2010-жылы Ош окуясында ар бир адам менен сүйлөшө билген дипломаттык сапатыны наркасы менен Кыргызстанга туруктуулук алып келүүдө эбегейсиз чоң салым кошкон адамдардын бири. «Бүгүн ушул адам чоң казатка аттанып жатат, добушубузду сатпастан, президенттикке колдойлу! Ар бир тепкичти өткөн адам катары, тажрыйбасы, акылы, жашы боюнча да ылайыктуу адам катары менин көңүлүмө бир гана Сооронбай Шарипович жакты. Мен силерден суранып кетем, намыстуулукту колдон чыгарбай, башкаларды токтотуп, Сооронбай Жээнбековду колдойлу. Алайлыктар 100 пайыз добуш берет деп ишенем!», - деп генерал алайлыктарга кайрылды.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов К., 175
  • КРПрезиденттинкызматордунаталапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 19.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий