• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Генералдык штабдын башчысы РФ КК Борбордук аскер округунун командачысы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Бугүн, 27-ноябрь күнү КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапин менен жолукту. Бул тууралуу Генералдык штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Өмүралиев Россия Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү экендигин, эки өлкөнүн ортосунда көп тармактарда, анын ичинде аскердик жана аскер-техникалык кызматташуу жолго коюлганын белгилеген. Ал бүгүнкү күндө тараптар кыргыз-орус аскер кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө багытталган келишимдик документтерди даярдап жатканын билдирген.

Жолугушуунун соңунда Өмүралиев Генералдык штаб эки өлкөнүн аскердик жана аскер-техникалык кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирген.

Ошондой эле Александр Лапин менен Генералдык штабдын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев жумушчу жолугушуусун өткөргөн. Анда эки өлкөнүн коргонуу ведомстволорунун кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланган.

“Ошондой эле Борбордук Азия аймактарындагы аскердик-саясий кырдаал, КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын Эл аралык аскер оюндарына катышуусу боюнча пикир алмашуулар болду. Мындан тышкары КР Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам жана атайын даярдык чөйрөсүндөгү башкаруу органдарынын жана аскерлеринин (күчтөрүнүн) дареметин жогорулатууга багытталган 2021-2025-жылдарга карата жол картасынын долбоорун даярдоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий