• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Genesis балети КР опера жана балет театрынын репертуарында калат

Маданият 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Genesis балети Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын репертуарында калат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында театрдын директору Алмаз Истамбаев билдирди.

Өз кезегинде продюсер Наум Слуцкер кыргыз артисттери менен солисттери азыркы учурда чет өлкөлөргө гастролго чыгууга даяр эмес экенин белгиледи.

"Бир да көрүнүктүү сынчы кынтык таба албагыдай артисттердин жана солисттердин даярдык деңгээлин жогорулатуу керек", - деди ал.

Эскерте кетсек, 4-декабрда А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Genesis заманбап балетинин дүйнөлүк бет ачары болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий