• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Genеxpert ыкмасы менен COVID-19 вирусуна текшерүү жүргүзүлө баштайт – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Genеxpert ыкмасы менен COVID-19 вирусуна текшерүү жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкекте коронавирус тастыкталган жарандар үчүн 335 койка-орун бар. “Дагы бир өзгөчөлүк Genеxpert ыкмасы менен COVID-19 вирусуна текшерүү жүргүзүлө баштайт. Бул лаборатория Улуттук фтизиатрия борборуна орнотулуп, бир сааттык мөөнөттө 8 анализди текшерүү мүмкүнчүлүгүн жана 99%га чейин тактыкты берет. Азыркы учурда 6 миң 500 тестирлөө жүргүзүүгө шарт түзүлгөн”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, 26-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 4204 учур катталды. Алардын ичинен 669у медицина кызматкери. Илдеттен 2162 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 43 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий