• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Геологдор тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүүгө чакырышты

Коом 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Геологдор тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүүгө чакырык жасашты. Бул тууралуу Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай өлкө.

"Биздин президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин айткан, анын бул оюна кошулам. Элдин 60-70 пайызы региондордо жашайт эмеспи. Ал жакта тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүү керек, бул тармак жакшы түшүмдөрүн берет", - деди Дүйшеев.

Пикир

Оставить комментарий