• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Гепарин жана Клексан: Нарын облусуна керектүү дары-дармектердин 10 түрү жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Нарын облусуна керектүү дары-дармектердин 10 түрү жеткирилди.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Россиянын Новосибирск шаарындагы "Нарын" коомунун мүчөлөрү 130 миң рублга гепарин, клексон жана бишка бир топ керектүү дары-дармектердин 10 түрүн Нарын облусуна жиберишкен.

"Бул демилгени Нарын медиаборборунун башкы директору Каныкей Жунусова көтөрүп, Новосибирскидеги тааныштарына билдирген. Ал жактагы нарындык уул-кыздар демилгени колдоп, колунан келишинче каражат топтошкон. Азыркы учурда дары-дармекке болгон муктаждык чоң болгондуктан эң зарыл дарыларды таап, салып жиберишкен", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Облуска жеткирилген дары-дармектер Нарын облустук оорукананын жетекчилигине тапшырылып берилген. Нарын облусунун башчысы Эмилбек Алымкулов келген дарыларды муктаждыгына жараша, ооруканаларга таратып берүүнү атайын түзүлгөн комиссияга милдеттендирген.

Пикир

Оставить комментарий