• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Гепатит менен көбүнчөсү балдар ооруйт, анткени мектептерде кол жууганга шарттар жок

Ден соолук 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгу жылдын алты айынын ичинде жугуштуу гепатит илдети менен 3 миңден ашык адам катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемкөзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан гепатит А менен 90%, гепатит В – 2,6%, ал эми гепатит С – 0,8% адам ооруган.

“Былтыркы жылга салыштырганда илдеттин 21 пайызга өскөндүгү байкалат. Көбүнчөсү мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар ооруп калышат. Бул калктын жыштыгы жана гигиенанын жоктугуна байланыштуу. Мектептерде шарттар жок, балдар колдорун жууй алышпайт”, - деди Жороев.

Ал мындай илдет менен ооругандардын көбүнчөсү өлкөнүн түштүгүндө катталгандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий