• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Гепатиттин "А" түрү менен ооругандар өлкөнүн түштүк аймагында көп катталууда

Ден соолук 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылдын башынан тарта вирустук гепатит менен ооругандардын саны 21,6%га төмөндөгөн.

Оорулардын алдын алуу Департаментинин отчетунда айтылгандай, 6 айдын ичинде гепатит менен ооруган 3267 учур катталган (50,9). 2018-жылы бул көрсөткүч 4079дү түзгөн (64,9).

Вирустук гепатиттердин ичинен 91,1%ы “А” гепатитин түзөт. “А” гепатити менен ооругандардын эң көбү Жалал-Абад (75,8), Баткен (69,4), Ош (53,2) облустарында жана Ош шаарында (68,2), катталган.

Андан тышкары, өлкө боюнча ичеги карын инфекцияларынын тобуна киргендердин арасында 2,5%га төмөндөө байкалган. Жыл башынан бери 13 миң 88 учур катталган. 2018-жылдын ушул маалдагы көрсөткүчү 13 миң 147 учурду түзгөн.

Ичеги карын инфекцияларынын жогорку көрсөткү Баткен (307,1), Жалал -Абад (241,8), Ысык-Көл (234,7), Чүй (215,6) облустарында жана Бишкек шаарында (227,8) байкалат. Бул көрсөткүчтөр республикалык көрсөткүчтөн 1,5 эсе жогору.

Пикир

Оставить комментарий