Герман керемети

Аналитика 0

Бир кезде немистер “Германияда жасалган” деген тамганы койгондон уялып, анысы товарлардын такыр эле көзгө көрүнбөгөн жерине басылчу экен. Он тогузунчу кылымдын биринчи жарымында Германиядан чыккан товарлардын сапаты абдан төмөн болуп, жер жүзүндө алар “эң арзан жана эптеп-септеген”, биздин учурдагы кытайлык товарлардай кабыл алынып келген. Ошого карабастан, германиялык продукция, жыйырманчы кылымдын акырында-жыйырма биринчи кылымдын башында кытай товарлары дүйнөнү каптагандай эле, он тогузунчу кылымдын экинчи бөлүгүндө жер-суунун баарын толтурат. Бара-бара немистер өндүргөн товарлардын сапаты уламдан-улам жогорулап, акыры биз азыр кабыл алып жаткандай деңгээлге келип калган.

XIX-кылымда Германия азыркы гүлдөп турган, тыкан жана абдан так адамдардын өлкөсү эмес, Европанын элдеринин көбүнөн артта калган, өндүрүшү жок агрардык, өз ара бири-бири менен байланышы тосулган, көпчүлүгү майда-барат мамлекеттерден турган империя болчу. Жумушсуздук, өлбө жаным деген турмуш элдин көпчүлүгү аракечтикке берилгендигине шарттаган. Абалды Германиянын ар бир жери, аймагы өз алдынча иш алып барып, өзүнүн мыйзамдары менен жашап келгени да начарлатып келген. Он тогузунчу кылымдын башында 962-жылдан бери өмүр сүргөн Немис улуттунун Ыйык Рим империясы деп аталып келген мамлекет кулагандан кийин, германдык жерлерди бириктирүү процесси башталып, 1871-жылы федеративдүү мамлекетин негизделиши менен аяктаган.

Он тогузунчу кылымдын 20-30-жылдарында Германияда экономикалык жандануу башталып, өзгөчө 50-жылдарда катуу от алат. Андан улам, кандайдыр бир жыйырма жылдын ичинде мамлекет Европанын эң алдыңкысы болуп калды. Башында немистер “Германияда жасалган” деген тамгадан уялышса, эми “немистик сапат” деген түшүнүк кеңири орун ала баштады. Мунун сырларынын бири – герман ишкерлери тигил жана бул жактан технологияларды издеп, өздөштүрө башташканы. Алгач алардын назары ал кездеги дүйнөлүк лидер Улуу Британияга бурулган. Ишкерлер англис завод-фабрикаларына барып, азыркы тил менен айтканда “өндүрүштүк шпионаж” жүргүзүшкөн. Бөтөнчө бул нерсе ал убактагы эң маанилүү өндүрүш болот чыгаруу тармагын камтыган.

1823-жылы Эберхард Хеш аттуу Дюрен шаарындагы чоюн жана болот чыгаруучу фабриканын ээси Шеффилд шаарындагы чоюнду пудлинг жолу менен эритип, жогорку сапаттагы болотту чыгарган фабрикага барат. Аркы-беркини өтө эле кызыгып сурап, өндүрүштү сүрөткө тартып жаткан жигитти англичандар шекшип калышып, кармамак болушканда, ал качып, фабриканын иштебей турган мешинин түтүгүнө жашынып калат. Хешти эч жерден таппай, акыры ал жашынган мешти күйгүзүшмөк болгондо, ал бийктиктен күлгө секирип түшүп, портту карай качып жөнөйт. Бактысына англичандарды катуу жек көргөн француз капитанынын кемесине туш келип калып, тиги киши аны жашынтып калат. Германияга кайтып келип, Хеш сапаттуу болоттун өндүрүшүн бутка тургузат.

Дагы бири шкер, Иоганн Готфрид Брегельман атасы тургузган текстиль фабрикасынынын ишин өркүндөтүүнү каалап, мунун жолун Англиядан издейт. Ал жакка барып, ал ар кайсы шылтоолор менен жергиликтүү фабрикаларга кирип, станокторду кылдат изилдейт жана кечинде күндүз көргөндүн баарын кагазга түшүрүп турат. Эстей албаган өтө эле татаал тетиктерди ал жөн эле уурдап, кийимге кынап тигип койчу экен. Кийин өз шаары Ремшайдка кайтып келип, британдыктардан кем калбаган текстильди чыгаруучу фабриканын ээси болуп калат.

Айрым учурларда немис ишкерлери чиймелерди уурдап, башын оорутпай, башка жол менен иштеп кетишчи. Герман өндүрүшүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Фридрих Харкорт, 1819-жылы Англияга барат жана ал жерде британдык эң мыкты металлургдарды жалдап алат. Бул адистер тез арада немис коллегаларын мыкты болотту чыгарганга үйрөтүп коюшат. Белгиленүүчү жагдай, Британиянын мыйзамдары боюнча, сыртка технология саткан же өздөштүрүүгө жардамдашкан жарандар өлүмгө жазаланышы керек болчу. “Ошондой эле англис инженерлери Гудвин,Доббс өлкөнүн болот куюуучу өндүрүшүнүн бутуна турушуна чоң салым кошушуп, мындай технологиялык инвестициялар Германияны коңшулардын колониясы болуу мүмкүнчүлүгүнөн сактап калган”, - деп “Грюндерлер жана грюндерчилик” аттуу китебинде герман жазуучусу Гюнтер Оггер белгилейт.

Негизинен, өндүрүш шпионажынан эч ким деле кем калган эмес. Британдыктардын арасынан Фоли аттуу адамдын окуясы кызык. Бул киши скрипкасын асынып алып, селсаяк музыкант катары Европаны кыдырат. Кай жерге барбасын болотту куюуу өндүрүшүнө кызыгып, бардыгын байкап, бардыгын эсине салып, көп нерсени билип келет. Мекенине кайтып, үйрөнгөн ыкмалар менен болот куюп көрөт да, бирок сапатына канаттанбайт. Андан улам, кайрадан сапар тартып, Бельгия, Испания, Италия дагы бир нече, болот өндүрүүнүн борбору болгон жерлерге барып, эң мыкты ыкмаларды уурдап келет. Акыры отуруп, эң сапаттуу болотту чыгаруунун технологиясын таап, абдан бай адамга айланат.

Башында Британияга болоттун технологиясы уурдалып келсе, кийин алардан немистер кайра уурадашат. Бирок, германиялык өндүрүш жалаң эле уурадалган технологиялар менен бутка турбастан, немис инженерлеринин ойлоп-табуулары менен да өнүккөн. Мисалы, Аугуст Борзиг америкалык ишкерлерден паровоздордун чиймелерин алып, андан да жакшы локомотивдердин өндүрүшүн бутка койгон. Он тогузунчу кылымда Крупп, Тиссен, Сименс, БАСФ жана башка компаниялар дүйнөлүк деңгээлге чыга башташкан.

Өсүштүн дагы бир шарты – өкмөттүн толугу менен ишкерлерди колдоп, аларга эң жакшы шарттарды түзүп бере алганы. Канцлер Отто фон Бисмарк толугу менен протекционисттик саясаты германиялык компаниялар чет элдик компаниялардан атаандаштыкты утканына абдан катуу жардам берген. Өткөөл убакта эрки күчтүү “Темир канцлердин” бийликте турушу да Германияга абдан жакшы. Анын үстүнө биринчи убакта, маанилүү иштерди – мисалы, темир жолдорду салууну өкмөт өз мойнуна жүктөп, кийин гана өнүгүп-өсүп, күчүнө кирген жеке капитал бардыгын өз колуна алды. Ошол убакта эле азыр дүйнөнү таң калдырган “немецтик тактык” калыптана баштаган.

Немис тактыгынын, ирээттин тамыры 16 кылымдагы Реформацияга байланышкан зор окуяларга байланыштуу. Ал кезде Германияда Мартин Лютердин ишмердигинен улам, калктын кыйла бөлүгү католицизмден чыгып, протестанттык агымга кайрылат. Христиандыктын эки агымынын ортосунда чоң чатак чыгып, Рим папасы баштаган Контр реформациянын жыйынтыгында Европада 8 млн. адам набыт болгон. Германиянын өзүндө болсо католик дининин тизгининен чыгып кеткен эл көтөрүлүш баштап, өлкөдө негизинен жарандык согуш башталат. Тарыхта бул нерсе Улуу дыйкандык согуш деп аталып анын башында Лютердин шакирти Томас Мюнцер турган. Лютердин максаты бай-кедейдин ортосунда теңдик жаратпай эле, бардыгынан католицизмдин догмат, жоболорунан чыгып, Кудайдын алдында гана тазалануу болчу. Реформациянын иши мындай зомбулукка айланып кетери анын оюна да келген эмес.

Андан улам Лютер “...буга чейин мен адамдарды Кудайдын сөзү менен башкаруу мүмкүн экен деп ойлоп келгем... Бирок эми мен адамдар Кудайдын сөзүн көзгө илбегенин түшүндүм – аларды башкаруу үчүн мамлекеттик мыйзам, курал жана күч керек экен”, - деп белгилейт. Эми ички эркиндикти, адамдын Кудайдын гана алдында жоопту экенин жарыялаган Лютер башкы орунга бийликке моюн сунуу, коомдук тартипти сактоо башкы баалуулук экенин туу тута баштайт. Бара-бара дыйкандардын төңкөрүштөрү, башка кагылышуулар кыйрап, мамлекеттин турмушу калыбына келет жана көпчүлүк үчүн күчтүү мамлекеттик бийлик керек экени айкын болуп, бардыгы ага баш ийүүгө даяр болушат. Ошондон тарта оrdnung – немистик тактык калыптана баштап, оrdnung musssein – “бардыгы так болушу керек” - деген учкул сөз эчактан бери немистердин башкы мүнөздөмөсү болуп келет.

Бара-бара бийликтин алдында моюн сунуу немис калкынын башкы изгилиги боло баштады. Мындан эки кылым өткөн соң Эммануил Кант: “Цивилизациялашкан элдердин арасында башкарууга абдан жеңил жана оңой баш ийген эл – бул немистер; алар кандайдыр бир жаңыланууну, калыптанган ирээттин бузулушун такыр кабыл алышпайт”, - деп белгилеген. Кылымдар бою герман элине христиандыктын протестанттык агымын негиздөөчүлөрүнүн бири Мартин Лютердин таасири күч болуп, калктын аң-сезими ошону менен калыптанып келди. Томас Манндын айтымында, немис интеллигенциясы Биринчи дүйнөлүк согушка чейин Лютердин айткандары менен тарбияланып келген. Албетте, мунун трагедиялык жагы ХХ-кылымда, немистер кыңк дебестен фашисттик режимге баш ийип беришкенинде көрүндү. Бирок, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эң тез бутуна туруп, дүйнөнүн лидерлеринин катарына кыска мөөнөттө жеткендер да немистер болду.

Мында “кервохе” деп аталган нерсени да белгилей кетүү зарыл. Орто кылымдарда немис шаарлары эч ким тазалабаган таштандыларга толуп, бардык Европадагыдай эле кир, абдан балит болушкан. Бийликтер кандай гана чара көрбөсүн, эмне кылып коркутпасын, жыйынтык болгон эмес. Ошондой Вюртемберг граф токтом чыгарып, бардык жашоочуларга таштандыларды сыртка ташып турууну милдеттендирет, бирок бул буйрукту аткарган киши болбойт. Айласы кеткен башкаруучу экинчи токтомун чыгарганда Шваб жергесинин шаарларынын бардыгы алеки заматтап-таза болуп калышат! Мунун сыры токтомдун мазмунунда болчу. Анда жазылган: «Эгерде сиздин коңшу эки жумадан бери таштандыларды чыгарбай жатканын көрүп калып, бул тууралуу бийликтерге жеткирбесеңер, анда ал гана эмес, сиз да жаза тартасыз. Эгерде бул жөнүндө өз убагында маалымдасаңыз анда сиз кошунаңыздын жеринин бир бөлүгүнө ээ болууга акылуу болосуз”. Бул токтом чыгары менен ар бир үй-бүлө шыр үйүнүн айланасын тазалап, ныпым да таштанды калбай калыптыр. Ошондон тарта швабтар ар бир ишембиде азыркы тил менен айтканда субботник өткөрүшүп, немис шаарларынын, айыл-кыштактарынын тазалыгынын тарыхы ошондон башталат.

Дагы бир жагдай, “жапайы капитализмдин” учурунда элдин баарыныкындай эле жумуш берүүчүлөр тарабынан жумушчуларды эзүү, алдоо, ар кыл терс көрүнүштөр мүнөздүү болсо, кийин, бөтөнчө Экинчи дүйнөлүк согуштан бүткөндөн тарта, мекеме, ишканалардын ээлери, жетекчилигинин мамилеси өзгөрө баштайт.. Анын себеби бир гана болду: жумуш берүүчүлөр да, жумушка жалдангандар да – бул немистер! Мындай улуттук биригүү немис ишканаларынын ичиндеги өзгөчө карым-катнаш, ишке болгон көз карашты калыптандырып, учурда көпчүлү суктанып жаткан “немистик ирээтти” жараткан. Мунун жыйынтыгынын бири – немис жумушчулары ишке эң аз убакыт коротуп, ошол эле учурда эмгегинин өнүмдүүлүг дүйнөдөгү эң бийиктеринин бири. Бул көрсөткүч боюнча алар жапондордон кем калышпайт.

Жыйырманчы кылымда бир топ өлкөлөр кандайдыр бир өзгөчөлүктөрү менен болсо да Германиянын жолун кайталап, өнүккөн мамлекеттердин катарына кирип келишти. Булардын ичине Жапонду, Түштүк Корея, Гонконг, Сингапур, акыркыларынан Кытай. Мисалы, өткөн кылымдын 70-80-жылдарында Европада гонконгдон келген бут кийимди өрттөө, же азияда жазалган швейцариялык сааттарды бульдозерлерге тепселетүү акциялары жүргүзүлчү. Анткени Гонконг же Сингапурдун жер төлөлөрүндө тигилген бут кийимдер сапаты боюнча белгилүү брэнддердикинен кем калбай, бирок баасы эки-үч эсе арзан сатылуучу. Негизи азиаттарды технологияларды уурдоо, ошондой эле өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк чемпион десе болчудай.

Бишкектин цехтеринен деле кийим кече тигилип, чет өлкөгө кетип жатат,көбүнесе Россия менен Казакстанга, бирок тикмечи ишкерлердин айтымында, азырынча алардын сапаты Москванын Черкизонунан жогору чыга албайт. Башкы маселе – технологиялардын төмөндүгү. Бийик технологиялар тууралуу сөз кылуунун деле кажети жок. Негизинен, Кыргызстанга Германиядан үлгү алуу абдан кыйынга турат. Биринчиден, мамлекет менен ишкерлердин умтулуусу, кызыкчылыгы эки башка. Мындагы негизги маселе – бюрократия ишкерлер менен мамлекеттин өнүгүшүнүн көз карашы тетири. Ишкерлик өзүнүн табияты боюнча өнүгүүгө шыктанса, бюрократия экономиканы басып алып, үстүнөн башкарып турууну каалайт. Бул жагдай бар нерсеге эле ыраазы болуп, бюрократия кандайдыр бир жаңыланууга, турган нерсени өзгөртүүгө убара болгусу келбейт.

Ошондон улам, өлкөгө инвестициялардын, жаңы технологиялардын келиши абдан кыйын. Мында өлкөгө келем деген инвестициялар, өндүрүштүк технологиялар чиновниктердин айынан кире албай жаткан кези. Ошондон суроо чыгат – бизде Германиядагыда кандайдыр бир секирик болушу мүмкүнбү же ушул бойдон эле соолуган, кош көңүл өнүгүү улана береби? Негизинен “германия кереметин” кайталоо үчүн жөнөкөй эле нерсе керек, бирок ага барууга кыргыз бюрократиясынын руху жетпейт. Балким азырынча.

Пикир

Оставить комментарий