• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Германия: 85 адамды өлтүргөн санитар өмүр бою эркинен ажыратылды

Дүйнө 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Ольденбург шаарынын соту мурдагы санитар Нилс Хёгелди өмүр бою эркинен ажыратты. Хёгел 2000-2005-жылдары эки ооруканада 85 адамды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылды.

Хёгел сотто бейтаптардын жакындарынан жана досторунан кечирим сурады.

42 жаштагы санитар Ольденбург жана Демменхорст шаарларындагы ооруканаларда иштеген. Ал оорулуу адамдарды өлтүрүп жатканы тууралуу шектенүү 2005-жылы жайында пайда болгон: клиниканын кызматкерлеринин бири Хёгел оорулууга өтө көп дары берип жатканын байкап калган.

2008-жылы сот Хёгелди «өлтүрүүгө аракет кылган» деп таап, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. 2015-жылы ага бир нече адамды өлтүргөн деп айып коюлган. Көп өтпөй Хёгел жүзгө чукул өтө оор абалдагы адамга ашыкча дары бергени белгилүү болду.

Тергөөчүлөр Хёгел зериккенде ушундай эксперименттерди жүргүзүп жүргөнүн аныкташты. Психиатрдын айтымында, киши өлтүрүү менен Хёгел «баңгизат колдонгондо пайда болчу таасирди алууга умтулган».

Пикир

Оставить комментарий