• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Германия 95-мүнөтүндө гол киргизип жеңишти илип алды

Спорт 0

Бишкек, 24.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын 2-турунда Германия менен Швециянын курама командалары арасындагы оюн 2:1эсебинде жыйынтыкталды.

1-таймдын 32-мүнөтүндө Швециянын чабуулчусу Тойвонен коргооч уменен дарбазачыны алдап тепкен тобу голго айланды.

2-таймдын 48-мүнөтүндө Гоместин чыгарып берген тобун Ройс тизеси менен гол жаратты. Кошулуп берилген убакытта, 95-мүнөтүндө Германия айып сокку мүмкүнчүлүгүн алды. Жарым коргоочу Кроос айып соккусун тээп, эсепти 2:1ге өзгөрттү.

Эскерте кетсек, кийинки оюн 24-июнда саат 18:00дө Англия менен Панаманын командалары ортосунда болот.

Пикир

Оставить комментарий