• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Германия Кыргызстанда ооруканаларды куруу жана жабдууга €4,5 млн берет

Экономика 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Кечээ, 1-июнда Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында КР министрлер кабинети менен Германия өкмөтүнүн ортосунда каржылык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Ведомстводон билдиришкендей, келишимге экономика министри Данияр Амангелдиев жана Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэлла Гелил кол койду.

"Бул келишим энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн кыскартууга, ошондой эле Бишкек шаарында жана аймактарда медициналык тейлөөнүн шарттарын жана сапатын жакшыртууга чоң салым кошот. Келишимдин суммасы 4,5 млн еврону түзгөн. Бул каражаттардын алкагында учурдагы жана пландаштырылган инфраструктуралык долбоорлорду, атап айтканда, Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы Перинаталдык борборлорду куруу жана жабдуу, ошондой эле Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасын жабдуулар менен камсыздоо пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Экономика министри Данияр Амангелдиев өз сөзүндө Германия 30 жылдык кызматташуунун алкагында экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо секторлорунда долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан өнүгүүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Германия өкмөтүнүн колдоосунун аркасында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылды, алардын жыйынтыгы жаңы жумушчу орундарын түзүү, калктын кирешелеринин өсүшүн камсыз кылуу, КР экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Өз кезегинде Габриэла Геллил Германиянын атынан Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жана жалпы гүлдөп-өнүгүшүнө каалоолорун билдирди. Геллил айым жашыл экономикага өтүүдөгү ырааттуу иш-аракеттерди жана жетишкендиктерди жогору баалады. Ал ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагы абдан маанилүү экенин жана Германиянын бул тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы учурдагы чакырыктарга жооп берерин белгиледи. Сөзүнүн аягында Геллил аймактык жана тематикалык долбоорлордун жана программалардын алкагында үзгүлтүксүз жемиштүү кызматташууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа Биримдиги аркылуу кызматташуунун жаңы форматынын оң динамикасын жана келечегин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий