• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Германия Кыргызстанга 15 тез жардам унаасын белек кылды

Коом 0

Бишкек, 02.12.17 /Кабар/. Кыргызстанга 1,18 млн еврого медициналык жабдуулар менен толук жабдылган 15 тез жардам унаасы келгенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Унаалар Германия менен Кыргызстандын "КРда улуттук экстрендик медицина системасын түзүү, экстрендик тез жардам кызматын чыңдоо" долбоорунун алкагында каржылык кызматташуусунун негизинде сатылып алынды. Долбоор өлкөдө 2008-жылдан бери ишке ашырылууда.

Учурда унаалар автобазада жана бажылык тазалоодон өткөрүлүп жатат. Алар Бишкек жана Ош шаарларынын тез жардам станцияларына арналган.

Эскерте кетсек, бул экинчи жолку унаа сатып алуу. Биринчиси 2009-жылы ишке ашкан. Анда 987 миң еврого 9 тез жардам унаасы сатып алынган.

Пикир

Оставить комментарий