• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Германия Кыргызстанга коронавируска каршы 500 миң евро бөлөт

Саясат 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Германия Кыргызстанга коронавируска каршы 500 миң евро бөлөт. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул каражат гранттык болуп саналат жана Германиянын федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлиги тарабынан техникалык кызматташтык үчүн берилет.

"Муну ишке ашыруу үчүн "Кыргызстандын перинаталдык саламаттык сактоосуна көмөк көрсөтүү" долбоорунун бюджети, аталган суммага көбөйтүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Берилген каражаттын көлөмдүү бөлүгү тиешелүү жабдууларды борборлоштурулган сатып алуу жана өзгөчө кырдаал абалында Улуттук пландуу аракеттин алкагында иш-чараларды жөнгө салууну камсыз кылуу үчүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна берилет.

"Калган каражат GIZ-долбоорунун алкагында каржыланат, мисалы, коргоочу каражаттар, медициналык персоналдарды окутуу, иш-чаранын жүрүшүн түшүндүрүүгө жана маалыматтык колдоого жумшалат", - деп кошумчалады Германиянын элчилиги.

Дүйнөдө 400 миң адам коронавируска чалдыкты

АКШнын Жонс Хопкинс университетинин соңку маалыматына караганда, илдет бир суткада 40 миң адамга жуккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 25-мартка карата 16 231 адам ушул оорудан каза болду деп билдирген.

Коронавирус айрыкча Европа өлкөлөрүндө чаң салууда (24 087). Ал эми Түштүк жана Түндүк Америкада - 12 428 миңге жетти. Өзгөчө Италияда каза болгондордун саны арбын (6,8 миң), андан кийинки орунда кытайдын Хубэй провинциясы турат (3,2 миң). Өлгөндөрдүн саны боюнча Испания үчүнчү орунда (2,8 миң).

Жонс Хокинс университетинин маалыматы боюнча, ооругандардын саны 6-мартта -100 миң болсо, 18-мартта - 200, 23-мартка карата 300 миңди түзгөн.

Коронавирустан дарылоосуз айыкса болобу?

"Жаңы коронавирус - бул дарылоосуз эле айыгып кете турган оору эмес", - дейт Пекин университетинин эл аралык ооруканасынын жугуштуу оорулар дарыгери Ван Гоцян.

Бул - айрым улгайган адамдардын эски оорусун козгоп, аны күчөтүп, өлүмгө алып келиши мүмкүн.

"Атургай оорунун жеңил гана симптомдору байкалган оорулуулардын абалы күтүүсүздөн кыйындап кетиши ыктымал, ошондуктан сөзсүз дарылануу зарыл. Коронавирус табылаар замат, ал адам дароо дарыланууга жөнөтүлүшү керек", - дейт дарыгер Ван Гоцян.

Италиянын жаңылыштыгы

Коронавирус Италияны чалгыдай чапты. Өлкөнүн бардык ооруканалары толтура жана өзгөчө абал киргизилген. Калкы үйдөн чыкпай үрпөйүп отурат.

Италиянын "Corriere della Sera" газетасынын жазганына караганда, мунун себеби, Ломбардия облусунун Кодонью шаарчасында оорунун очогу пайда болгондо оорууну тестирлөө системасында жаңылыштыктар кеткен. Алгач баарын текшере баштагандыктары менен, кийинчерээк оорунун белгиси даана байкалгандарды гана текшере баштаган. Бул арада жарандар дагы ээн-жайкын жүрүп алып, оору жайылып кеткен.

Россиянын эпидемиологу коронавирус пандемиясы басаңдай турганын айтты

Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары башкы эпидемиологу Николай Бриконун сөзүнө караганда, коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгуу узакка созула турган процесс.

"Алгач иштеп чыгып, жаныбарларга, анан адамга сынап, лицензия берүүнүн клиникалык изилдөөсү көп убакытты алат. Ал өзү эле жок болуп кетиши кыйын, анткени аябай кеңири жайылып кетти. Бирок, Россияда жыл мезгилинин өзгөрүшү менен - апрель-май айларында оорунун таркашы төмөндөйт деп ойлойм. Ал эми коронавирус дүйнөнүн көпчүлүк калкын камтыйт дегенге да ишенүүгө болбойт.

"Жугуштуу ооруну токтотууга мүмкүн болбогон орто кылымдарда жашап жаткан жокпус. Азыркы бардык өлкөлөрдө жасалып жаткан аракеттер, иш-чаралар оорунун мындан ары таркап кетишине жол бербейт", - деди ал.

Миллиардер Алишер Усманов: "Коронавирустун алдында бай-кедейиң баары бир"

"Форбс" журналы Россиялык миллиардер, теги өзбек Алишер Усмановдун оорунун аякташын Ташкентте күтүп жатканын жазып чыкты.

"Өкүнүчтүүсү коронавирус бизнеске, дүйнөлүк экономикага таасир этпей койбойт. Ишкерлердин бир гана активи эмес, милдеттери да бар. Алар үчүн бул вирус коркунучтуу, ошондой эле рынокту чайпалткан маалымат толкундары да бар. Ал эми пандемиянын алдында бай-кедейиң баары бир...Кудай сактасын дейли. Азыр баарынан маанилүүсү ден соолук. Дүйнөнүн мамлекет башчылары өз эрктерин көрсөтүп, геосаясий карама-каршылыктарга карабай, бул глобалдык коркунучка каршы турууда. Жеке өзүмдү айтсам, жаш курагым боюнча тобокелчилик тобуна киргендиктен, мен тарыхый мекениме Ташкентке келип өзүмдү-өзүм изоляцияга алдым",- дейт дүйнөгө таанымал ишкер.

Аман Алымбеков

Пикир

Оставить комментарий