• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Германия Кыргызстанга шиналарды жана медициналык калдыктарды кайра иштетүүгө жардам берет

Экономика 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев 24-январда Германиянын Дрезден шаарында Staff-Eye Group компаниясынын негиздөөчүсү Александр Коваленко менен жолугушту.

Агенттинтик басма сөз кызматынан билдиришкендей, Staff-Eye Group компаниясы Дрезден шаарында маалыматтык технологиялар жана консалтинг чөйрөсүндө адистештирилген, учурда автономдуу кыймыл жана учкучсуз системалар жаатындагы долбоорлордун үстүнөн иштейт.

Жолугушуунун жүрүшүндө шиналарды кайра иштетүү жана медициналык калдыктарды керекке жаратуу боюнча долбоорлор, Кыргызстандын аймагында аккредиттелген лабораторияны түзүү, Германиянын рыногуна ата мекендик айыл чарба продукциясын экспорттонун келечеги, ошондой эле студенттерди Саксония федералдык жеринин тармактык компанияларында окутуу сыяктуу кызматташуунун ар кандай өңүтү талкууланды.

Белгилей кетсек, Staff-Eye Group 2022-жылы Кыргызстанда программалык камсыздоону иштеп чыгуу чөйрөсүндө Entwicklerburg ЖЧК өкүлчүлүгүн ачкан. Ал иштин алкагында компания автономдуу айдоо боюнча механизмди иштеп чыгуу максатында Бишкектин картасын санариптештирген. Ошону менен саксон компанияларында алты түрдүү адистик боюнча студенттердин такшалуудан өтүү маселесинде жергиликтүү университеттер менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын шиналар рыногун изилдөө жана медициналык калдыктарды керекке жаратуу боюнча биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгышты.

Абанын булганышынын азыркы учурдагы комплекстүү шарттарында ушул долбоорлорду экологиялык таза өндүрүштүн негизинде ишке ашыруу Германиянын DEG инвестициялык корпорациясынын мүмкүн болгон финансылык-техникалык колдоосу менен көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнүн кошумча куралы болуп каларын өзгөчө белгилеп кетүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий