• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Германияда үч шайлоо тилкеси ачылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-апрелинде саат 8:00дө Германиядагы үч шайлоо участкасында (Кыргыз Республикасынын Берлиндеги элчилиги, Франкфурттагы консулдук агенттиги жана Бонндогу элчиликтин бөлүмү) Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш берүү башталды. Бул тууралуу Германиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Германияда добуш берүү укугуна ээ болгон 3 миң 334 шайлоочу катталган (консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшыргандар).

1. Берлиндеги №9029 шайлоо участогунда - 1 669 шайлоочу катталган;

2. Франкфуртта №9030 шайлоо участогунда - 1 207 шайлоочу;

3. Бонндогу №9031 участогунда - 458.

Референдум Германиянын бийлигинин уруксаты менен чектөө чаралары жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий