• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Германияда “Фридерик” бороону 7 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө 0

Бишкек, 19.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кышкы “Фридерик” бороону 18-январда Германиянын түндүк-батыш аймагын каптаган. Алдын ала маалыматка караганда, тилсиз жоо жети адамдын өмүрүн алды,-деп кабарлайт аймактык Sueddeutsche Zeitung басылмасы.

Бороонун кесепетинен темир жол жана аба каттамдары токтотулуп, көчөлөрдө бороон учурган үйлөрдүн чатырын, дарактардын тамырларын көрүүгө болот.

ЖМКлар билдиргендей, куткаруу кызматына жабыркагандардан чалуулар түшүп, учурда жети адам каза болгондугу аныкталган.

Эртеден бери темир жолдун ишин калыбына келтирүү жана табигый кырсыктын кесепетин жоюу боюнча иштер жүрүүдө. Азырынча келтирилген чыгымдын суммасы аныктала элек.

Маалыматка ылайык, бороон түнү Германиянын чек арасынан өтүп Польша тарапты карай бет алган.

Пикир

Оставить комментарий