• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Германияда Кыргызстандын маданияты жана туристтик потенциалы тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. 2019-жылдын 22нен 24-мартка чейин Ноорузду майрамдоонун алкагында Гамбург, Мюнхен жана Берлин шаарларында Германияда жашаган мекендештердин катышуусу менен бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тактап айтканда, 2019-жылдын 22-мартында Гамбург шаарында «Кыргыз-Гамбург уюму» коомдук бирикмеси Ноорузга арналган мекендештер менен жолугушууну уюштурду. Аталган иш-чарага ошондой эле, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев катышып, жазгы майрам менен куттуктап, ийгиликтерди каалаган.

Ошондой эле 23-мартта Мюнхен шаарында кыргызстандыктардын «Ордо» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган мекендештердин жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын Франкфурт/Майн шаарындагы Консулдук агенттигинин өкүлү Данияр Төлөгөнов катышкан.

Андан тышкары, КРнын Германиядагы элчилиги Азербайжан, Афганистан, Иран, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстандын элчиликтеринин өкүлдөрү менен бирге «Нооруз» жазгы майрамын уюштурууга катышты.

"Майрамга Германиянын мамлекеттик органдарынын ɵкүлдɵрү, ошондой эле Берлин шаарынын тургундары чакырылды. Ачылыштын расмий аземинен соң, ар бир ɵлкɵдɵн маданий программа каралды. Кыргызстандан майрамдын меймандары үчүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова ɵз ɵнɵрүн тартуулады. Эң кɵрүнүктүү жана кызыктуулардын бири болгон Кыргызстандын маданият кызматкеринин ырларын иш-чаранын катышуучулары чоң кубаныч менен кабыл алышты", - деп айтылат маалыматта.

Майрамдын жүрүшүндө кыргыз-герман маданий коому Кыргызстан тууралуу маалыматтык стендин уюштурду, меймандарга өлкөнүн туристтик дарамети жөнүндө материалдар кызыктуу болду.

Берлинде «Ноорузду» биргелешип майрамдоо ар жылда болуучу, бул байыркы майрамды кадырлаган элдердин ортосундагы достукту, кызматташтыкты, ɵз ара түшүнүшүүнү жана колдоону бекемдеген жакшы салт катары болуп калды.

Аталган иш-чаралардын аяктоочусу катары, кыргыз-герман форуму менен бирге уюштурулган КРнын Германиядагы элчилигиндеги мекендештер менен жолугушуу болду.

Кыргызстандыктардын жолугушуусунда элчи Эринес Оторбаев меймандарды Нооруз жазгы майрамы менен куттуктап, катышууга ыраазычылык билдирип, баардыгына ден-соолук, окуу жана кесиптик ишмердүүлүктө ийгиликтерди каалаган.

Германияда жүргөн мекендештер үчүн КРнын эл артисти Гүлнур Сатылганова, белгилүү акын Идрис Айитбаев жана алып баруучу Нурсултан Майназаров ɵз ɵнɵрлɵрүн тартуулашты.

Мекендештер менен жолугушуу жылуу жана достук маанайда өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий