• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Германиядагы элчилик кызматына Эрлан Абдылдаевдин талапкерлиги жактырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек 17.03.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна дайындоого сунушталган Абылдаев Эрлан Бекешовичтин талапкерлигин жактырды.

Эрлан Абдылдаев 1966-жылы туулган. Жогорку билимдүү, 1989-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн. Кыргыз, орус, кытай, англис тилдерин билет. 2012-2018-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген.

Андан тышкары, тармактык комитет Кыргыз Республикасынын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна дайындоого сунушталган Нурлан Абдрахмановдун талапкерлигин да жактырды.

Пикир

Оставить комментарий