• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Германиядан түндө учуп келген вице-спикер Аида Касымалиева үй карантинине алынды

Ден соолук 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Германияга болгон сапарынан кийин коронавируска анализ тапшырды, учурда жыйынтыгын күтүп жатат.

Эл өкүлү "Кабарга" билдиргендей, ал Германиядан бүгүн түндө Бишкекке учуп келген.

“Берлинге болгон сапарды биз жылдыра албайт болчубуз. Анткени, ал жакка Бундестагдын чакыруусу менен 3 жылдай даярдык жүргөн. Берлинде вице-спикерлер менен жолугушуу өттү. Пландалган иш-чаралардын жарымы коронавируска байланыштуу болгон эпидемиядан улам токтотулган. Биз билеттерди алмаштырып, Кыргызстанга учуп келдик. Мага билдиришкендей, анализдер бүгүн даяр болот. Менин саламаттыгым жакшы, жөтөл жок. Карантин учурунда үйдөн иштейм”, - дейт Касымалиева.

Эл өкүлү учурда үй-бүлөсү башка жакта экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга коронавирус бар өлкөлөрдөн келгендер 3 категорияга бөлүнгөн. Германия биринчи категорияга кирет. Биринчи категориядагы өлкөлөрдөн, анын ичинде транзит менен келген Кыргыз Республикасынын жарандары 14 күн атайын өзүнчө бөлүнгөн жерлерде обсервацияга жаткырылат. Бул категорияга ID-карта, жалпы жарандык, кызматтык жана дипломатиялык паспорту бар Кыргыз Республикасынын бардык жарандары кирет.

Пикир

Оставить комментарий