• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Германиялык ишкерлерге Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымат берилди

Экономика 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 28-мартында Берлин шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар германиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул компаниялар айыл чарба, туризм, санариптик технологиялар, медициналык жабдуулар жана логистика тармактарында бизнес жүргүзүшөт.

Министр Р. Казакбаев жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча КР президенти Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат, президентке караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин түзүлгөндүгү, ошондой эле Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн Кыргызстандын мыйзамдарында каралган кепилдиктер жөнүндө маалымат берди.

Өлкөлөр ортосундагы ишкерлер кызматташтыгын арттыруу боюнча чаралар талкууланып, макулдашылды. Ишкерлердин кароосуна Кыргызстандагы инфраструктура, энергетика, айыл чарба, туризм тармагындагы конкреттүү ири инвестициялык долбоорлор боюнча маалымат коюлду. Жолугушуунун жүрүшүндө каралган маселелерди мазмундуу талкуулоо максатында германиялык компаниялардын өкүлдөрүнүн ичинен Кыргызстанга иш сапары менен келүү үчүн жумушчу топ түзүү сунушталды.

КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Кыргыз-герман ишкерлер кеңешин түзүү боюнча иштер оң жагына белгиленди.

Министр Р. Казакбаев ошондой эле германиялык компаниялардын өкүлдөрүн болжолдуу түрдө 2022-жылдын июнь-июль айларында Бишкекте өтө турган кыргыз-герман бизнес форумуна катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий